«Бухгалтердик эсеп өткөндүн кынтыксыз судьясы, учурдун керектүү жетекчиси жана келечектин ишеничтүү кеңешчиси болуп эсептелет»

И.Ф. Шер

Жалпы маалыматтар:

Акыркы беш жылдын ичинде жумуш берүүчүлөр жагынан адистерге коюлган талаптар олуттуу өзгөрүлгөн. Эгерде мурунку жылдарда кууш специализациялануудан өткөндөр деле талап кылынса, бүгүнкү күндө экономикалык жыйынтыктарды прогноздой ала турган, мекемелердин чарбалык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзө ала турган жана профессионалдык ишкердүүлүктүн бардык түрлөрүн колдоно билген бухгалтерлер керек.  Азыркы мезгилдин эмгек рыногу, специалист-бухгалтер үчүн төмөнкү талаптарды коëт: профессионалдык ишкердүүлүктө иштөөдө колдонула турган базалык теориялык жана практикалык даярдыктарды, бухгалтердик компьютердик программаларды, кызмат боюнча мамилелерди түзүүнү билүү, өндүрүштүк маселелерди чечүүнүн жыйынтыктарына жоопкерчиликти көрсөтүү, ишкананын чарбалык ишкердүүлүгүнүн экономикалык жыйынтыгын прогноздоо, бухгалтердик отчеттуулуктун жаны формаларын өздөштүрүү, эмгектин мунөзүн жана мазмунун өзгөртүүгө даяр болуу. Ошол себептүү орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын «Экономика жана бухгалтердик эсеп» (квалификациясы – бухгалтер) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрүн профессионалдык сапаттуу даярдоо бүгүнкү күндө озгөчө актуалдуу болуп саналат.

 

Жеке:

Окутуу Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министрлиги тарабынан 2007-жылдын 10-декабрында бекитилген орто кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттын негизинде, ошондой эле Туркиянын (MEB YÖK, Анкара ш.) элге билим берүү министрлигинин жогорку жана орто билим берүү боюнча Кенеши тарабынан бекитилген, Британиянын, АКШ, Туркиянын кесиптик лицейлеринде жана жогорку кесиптик мектептеринде окууну өнүктүрүүнүн программаларын анализдөөнүн негизинде түзүлгөн жалпы кесиптик программа боюнча жүргүзүлөт.

«Бухгалтердик эсеп» программасы боюнча «Манас» КТУ Жогорку кесиптик мектепте окутуунун өзгөчөлүгүнүн катарына чет тилдерди билүүчү бухгалтерлерди даярдоону кошсо болот. Бул чет элдик капитал менен иштеген ишканалардын жана биргелешкен ишканалардын санынын өсүш учурунда өтө маанилүү. Англис тилин эркин өздөштүрүп эл аралык компанияларда иштеп, карьерасын жогорулатууну көздөгөн бухгалтерлер үчүн кошумча көрсөткүч.

Окуу процессинде студенттер «1С: Предприятие 8.1» системасында иштөөнү практика жүзүндө үйрөнүшөт.

Максаты:

Жогорку кесиптик мектептин максаты, уюмдук-укуктук формаларына көз карандысыз бардык ишканаларда жана мекемелерде бухгалтердик эсеп жана финансылык ишкердүүлүк боюнча ишке даяр адис-бухгалтерлерди даярдоо болуп саналат.

Бухгалтер бардык чөйрөлөрдө жана тармактарда керектелүүчү кесиптердин бири.

Бул кесипке даярдоодо окутулуучу дисциплиналар:

Жалпы кесиптик дисциплиналардан: экономиканын негизи, менеджмент, статистика, Кыргызстандын салык системасы, бухгалтердик эсептин негиздери ж.б.

Адистик дисциплиналардан: бухгалтердик финансылык эсеп, бухгалтердик башкаруу эсеп, финансылык отчеттуулукту талдоо, аудит, банктардагы бухгалтердик эсеп ж.б.


Бизде билим алуу – бул сиздердин кызыктуу жана перспективдүү карьераңарга биринчи кадамынар.